Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Сох анклавынын жашоочуларын тоноду деп шектелгендер кармалды


Сох анклавынын жашоочуларын тоногон деп шектелгендер кармалды. Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Алдаяр Имамназар уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, окуя 20-февралда саат 18:00 чамасында болгон. Кадамжай районунун Айдаркен ашуусунан өтүүчү Ош - Баткен автожолунда белгисиз бирөөлөр Өзбекстандын Сох районуна бара жаткан 5 машинаны токтотуп, коркутуп, өзбек жараны Н.Хамзидиновдон 15 миң сум акчасын алып, бир нече өзбек жаранын уруп сабаган.

Кылмыштын изи сууй электе окуяга шектүү деп Баткен районунун Кыштут айыл округунун Сай айылынын үч тургуну кармалды. Алардын жанынан далил катары 21 500 сум өзбек акчасы табылган.

Жыл башында чек арада жаңжал чыгып, Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен Шаймерден айылына жана Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы Барак айылына жол жабылган. Кийинчерээк эки өлкө жетекчилеринин сүйлөшүүсү менен каттоо кайрадан уланган.

Райондук "Эл жарчысы" гезитинин сайтында белгиленгендей, жогорудагыдай окуя чектеш жашаган эки элдин ортосундагы мамилеге залакасын тийгизиши мүмкүн. Андыктан "бейбаштардын айынан чек ара жабылып, кыйынчылыктар кайталанбаса экен деген тилек" деп айтылууда. (ErN/RK).

XS
SM
MD
LG