Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Жалал-Абад: Баатыр энелер президентке кайрылды


Жалал-Абад облусунда 23 Баатыр эне өлкө башчысына кайрылуу жолдоду.

Алар абакта жаткан «Ата-Журт» партиясынын лидер депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду үй камагына чыгарууну, кийин биротоло бошотууну, Кумтөр ишканасын улутташтырууну жана «Санпа» окуясы боюнча сот залынан бошотулган Шамшидин Ниязалиев менен аны бошоткон судьяны жоопко тартуу талабын коюшту.

Мындай кайрылуу ошондой эле өкмөт жана парламентке да жөнөтүлдү.

2010-жылдагы июн окуясы боюнча айыпталган Сузактын орусиялык жарандыгы бар Шамшидин Ниязалиев аттуу тургуну райондук сот тарабынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Бирок облустук соттук коллегия аны адам өлтүрүү, барымтага кармоо жана курал-жарак алып жүрүү деген айыптар боюнча актап, массалык баш аламандыктарга катышкандыгы үчүн гана күнөөлүү деп 150 миң сом айыппул салуу менен 21-январда сот залынан бошотуп жиберген. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG