Бүгүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасына көрсөтүлгөн төрт талапкердин баары тең парламенттин элегинен өтпөй калды. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна Куанбек Кыргызбаев, Максуда Оморова, Токтосун Сүйөркулов жана Абибила Тажибаев көрсөтүлгөн болчу. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында алардын бири да тиешелүү добуш топтой алган жок.
Мыйзам боюнча Конституциялык палатага Сот тандоо кеңешинин, президенттин жана парламенттин сыноосунан өтө алган талапкер гана дайындалат. (RK)
Мыйзам боюнча Конституциялык палатага Сот тандоо кеңешинин, президенттин жана парламенттин сыноосунан өтө алган талапкер гана дайындалат. (RK)