Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Иранда эки алтын медал уткан жалалабаддык кыз кайтып келди


Ирандын борбору Тегеранда 800 метр жана бир жарым чакырым аралыкта чуркоо менен биринчи орунду ээлеп, эки алтын медал менен сыйланган Жалал-Абад мамуниверситетинин студенти Гүлшанай Сатарованы бүгүн Жалал-Абаддын спорт күйөрмандары жана журналисттер тосуп алды. Бул тууралу Жалал-Абад мэриясынын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алмазбек Акимжанов билдирди. 14-17-феврал күндөрү Тегеранда жеңил атлетика боюнча ислам мамлекеттеринин эл аралык мелдеши болуп өттү. Ирандагы эл аралык мелдешке 14 өлкөнүн спортчулары катышкан.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG