Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

АКШ жана Франция Сирия кризисин жөнгө салуу жолун караштырууда


Кошмо Штаттар жана Франция Сириядагы бийликти саясый жол менен ылдам алмаштыруунун жолун кылдат караштырууда. Бул жөнүндө АКШ Мамкатчысы Жон Керри Парижде Франция президенти Франсуа Олланд жана тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен болгон кездешүүдөн соң өткөрүлгөн орток маалымат жыйынында билдирди. Бул маселе Керринин айтышынча, бейшемби күнү Римде өтчү “Сириянын достору” деп аталган жолугушууда да талкууланат. Римдеги эл аралык жыйында ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Сириядагы негизги оппозициячыл күчтөрдүн лидерлери 22 айдан бери Сирияда жүрүп жаткан кандуу коогалаңды токтотуунун жолдорун да сүйлөшөт.

АКШнын маалымат булактары америкалык жана европалык ырасмий адамдарга таянып, Вашингтон президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн кээ бир сириялык куралдуу топторго аскерий эмес жардам көрсөтүү боюнча бир бүтүмгө келгени калганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG