Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Апрелде электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетов жылуулук-энергетикалык комплекстин ачыктыгы боюнча байкоочу кеңештин отурумунда билдирди. Министрдин айтымында, жаңы баа саясатын алып чыгуу март айына каралган болчу, бирок Кыргызстандын өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынышы менен кырдаал өзгөрдү. Анткени анда ТЭЦти жаңылоо, Кара-Кече көмүр кенин жаңыртып иштетүү сыяктуу пункттар бар, мунун баары баа саясатына таасирин тийгизет дейт Калманбетов. Маалыматка ылайык, учурда электр энергиясынын баа саясаты кайра каралууда, бүткөндөн кийин талкууга чыгарылат.

Мурдараак энергетика жана өнөр жай министрлиги 2013-жылдын апрель айынан тартып, электр энергиясынын 1 кВт 1 сомго чыгарын маалымдаган. Апрель окуясынан бери элге 1 кВт электр энергиясы 70 тыйындан сатылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG