Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Бишкекте үч эм төрөлдү


Ымыркайлардын бири атасынын төшүндө
Ымыркайлардын бири атасынын төшүндө
Бишкекте бүгүн бир нече саат мурда, тагыраак айтканда 10дон кийин үч эм төрөлдү. Эне-баланын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүндө Нарындын Кочкор айылынын тургуну, 29 жаштагы келин көз жарды. Операция жолу менен дарыгерлер адегенде уулун, анан удаа эки кызын алып чыгып беришти. Ымыркайлардын салмагы нормада жана жалпы абалы туруктуу, канааттандырарлык экенин башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиева билдирди. Бир ымыркайды реанимация бөлүмүнө кислородго жаткырышты.

Эненин да абалы канааттандырарлык. Азыр ал жалпы наркоздон чыгууда.

Ушуну менен Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу үч эм төрөлдү. 31-январда жана 4-февралда да үч эмдер жарык дүйнөгө келген. (RK)

XS
SM
MD
LG