Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Жалал-Абадда аялдар митингге чыкты


Жалал-Абад облустук бийликтин алдында бүгүн кырк аял бир сааттай нааразылык акциясында турду. Алар соттолуп жаткан "Ата-Журт" партиясынан депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну жана аларды актоону талап кылды. Арасында 20дан ашык Баатыр эне бар аялдар облбийликтин кызматкерлеринин сунушу менен акимиаттын жыйындар залына кирип, нааразылыгын ошол жерде улантты. Алар менен жолугушкан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева митингчилердин талабын жогорку бийлик өкүлдөрүнө билдирүүгө убада берди.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG