Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Донорлук жардам боюнча маалымат базасы түзүлөт


Кыргызстанга донорлор берген жана берип жаткан маалымат бир системага киргизилип, интернетте атайын база түзүлөт. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржыламай болду. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Турсунай Чодурованын "Азаттыкка" айтымында, бул үчүн 112 миң доллар бөлүнөт. Кыргыз өкмөтүнүн аппараты үчүн түзүлүп жаткан бул маалыматтык база "Aid Management Platform" ("Жардамды башкаруу платформасы") деп аталат.

Көптөгөн эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери донорлук жардамын берип келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG