Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Өзбекстанда чек араны бузганы үчүн камалган кыргызстандык жарандар кайтарылды


Өткөн жылы март, май айларында Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз бузду деген айып менен өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, үч жылдан алты, жети жылга чейин камалып кеткен кыргызстандык жарандар бошотулуп, мекенине кайтарылды. Мындай маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди:

- Акыркы эки ай ичинде Баткен тараптан кармалып, камакка алынган төрт, ал эми Ош, Жалал-Абад тараптан камалган тогуз кишини бошотуп беришти. Булар бизге туугандары кайрылып, биз тактап, сураштырган кишилер. Азыр да биз билбей, Өзбекстанда камалып турган жарандар бар-жогун такташтырып жатабыз. Белгилей кетүүчү нерсе, Өзбекстан тарап биздин өтүнүчүбүзгө эч кандай шарт койбой, бошотуп беришти.

Мамытовдун айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен кишилерге күндүзгү убакытта ок чыгарбоо, балдарга жана аялдарга да ок чыгарбоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтары протокол түзүштү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG