“Талас жерин коргоо” комитетинин теңтөрагасы Малик Тойгожоевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча тынч митинг Талас шаарында облустук акимчиликтин алдында болот. Анда негизги талап: Талас аймагындагы Талды-Булак, Андаш, Жерүй алтын кендерин иштетүүнү токтотуу болмокчу. Малик Тойгожоев бул аймактарда жайыттар бар, ичүүчү суунун башында турат, эгер кендер иштетилип, казыла баштаса, экологияга жана жергиликтүү элдин саламаттыгына чоң залалы тиерин белгилөөдө. Малик Тойгожоевдин “Азаттыкка” кошумчалаганы боюнча митингге “Республика”, КСДП, “Замандаш”, “Мекен ынтымагы” жана башка саясий партиялардын мүчөлөрү да катышмакчы.
Таластагы алтын кендерди иштетпөө талабы 2007-жылдан бери көтөрүлүп келатат. Талды-Булак алтын кени жайгашкан Арал айылынын тургундары кен изилдеген чет элдик ишкананын лагерине кол салып, чатак кийин өз ара макулдашуу менен аяктаган. (ZKo)