БУУнун Эл аралык айыл чарба фонду жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы сунуштаган отчетко ылайык, 2010-2012-жылдары өлкөдө жашаган 0,5 млн. адам тойо тамак жебейт. Ушул эле уюмдардын маалыматы боюнча 2000-жылы Кыргызстанда жашаган элдин 1 млн. ашууну тамакты тойо жебегенин билдиришкен.
Коңшулаш Өзбекстанда да элдин 6,1% тамакты тойо жебейт, ал эми Тажикстанда бул көрсөткүч кыйла көп: акыркы эки жылда тажикстандыктардын дээрлик үчтөн бири тойо тамак жебейт. Казакстан менен Түркмөнстандын көрсөткүчтөрү бирдей, бул өлкөлөрдө жашаган элдин тамакты тойо жебегендери 5% ашпайт. (ZKo)