Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин жетекчиси Жоэл Саймон Кыргызстандын башкы прокурору Аида Саляновага жолдогон катта өмүр бою эркинен ажыратылып, абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгууну өтүнгөн. Кайрылууда Журналисттерди коргоо уюму Аскаровго кылмыш иши негизсиз, кыйноолордун натыйжасында, мыйзамсыз тагылгандыгы тууралуу кеңири чагылдырганы тууралуу айтылып, эми жаңы далилдер табылгандан кийин, башкы прокурор коомчулуктун талабын аткарууга тийиш деп эсептейт. Ошондой эле анда уюм Азимжан Аскаров түрмөгө коррупцияга каршы күрөшкөнү жана аймактагы күч түзүм кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатышканын ашкерелегени үчүн отургузулду деп боолголоп жатканы айтылат.
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деген.
Аскаров өзү жана бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар ага карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун айтып келет. (ZKo)