Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

"Кыргыз залкарлары" аттуу тогуз томдук китеп чыкты


"Кыргыз залкарлары" деп аталган тогуз томдук китеп чыкты. Анда кыргыздын 33 белгилүү жазуучу, акынынын чыгармачылыгы изилденип жазылган. Автору - Улуттук университеттин профессору, филология илимдеринин доктору, Абдыкадыр Садыков.

Окумуштуунун "Азаттыкка" айтымында, китепти ал өз каражатына 100 нускада чыгарды:

- Залкарлар - чоң сыйлыктарга татыган акын-жазуучулар. Максат - кыргыз жазуучуларынын эмгегин тереңдетип изилдөө. Азыр мектепте, студенттерге окутуп жаткандын баары совет доорунун көркөм дөөлөтү деп аталат. Бирок бул биздин улуттук байлык. Аны унутпашыбыз керек.

Профессор Садыковдун айтымында, китепте анын көп жылдык эмгеги камтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG