Бул күндөрү Ошто өз фондунун иши менен жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага Араван районунун тургундары айрым маалымат булактары аны экс-премьер Бабанов менен байланыштырып, азыркы бийликке каршы иштеп жатат деп жазганын тактап берүүнү суранышкан.
Роза Отунбаева: “Мен Ош облусундагы бала бакча маселелери, окуучуларды кесиптик-техникалык окуу жайларга тартуу жана энелердин коопсуздугу сыяктуу көйгөйлөр менен жүрсөм, мени кайсы бир ойго келбеген иштерге кошуп, ар түрдүү ушактарды таратып гезиттерге жазып чыгышыптыр. Өмүрбек Бабанов кызматтан кеткенден бери аны көрө элекмин. Болду эми, революциялар болду, өттү, өнүгүүнүн, куруунун да чагы келди. Баарыбыз президентке жардам берип, азыркы коомдун курч проблемаларын чечкенге киришпейлиби? Эгер стабилдүүлүккө доо кетирип, азыркы курсту артка бурабыз деген күчтөр чыга турган болсо, аларды токтотконго күч жетет” - деп жооп берди.