Беларустун Башкы прокуратурасына Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди чыгарып берүү тууралуу Бишкектин дагы бир өтүнүчү түштү. Прокуратуранын маалымат катчысы бүгүн бул өтүнүч бир айдын ичинде каралаарын бышыктады.
Бишкекте 2009-жылдагы киши өлтүрүү боюнча өткөн айдагы сотто Бакиев 24 жылга, анын агасы өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө сыртынан кесилген эле. Соттун чечими 22-февралда күчүнө киргенден кийин, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кайрадан Минскиден аларды чыгарып берүүнү талап кылды.