Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Казакстан: тыюу салынган гезиттин негиздөөчүсүнүн бир тууганы кесилди


Тыюу салынган «Голос республики» басылмасынын негиздөөчүсү Данияр Молдашевдин бир тууганы Аскар Молдашев бүгүн психикалык дары затын ири көлөмдө мыйзамсыз сакталган деген кине менен төрт жылга шарттуу кесилди. Аскар Молдашев соттун өкүмүнөн кийин Казакстандын коопсуздук кызматтарын "алар менен кызматташуудан баш тартканым үчүн өч алып жатат” деп ырастады.

Кабарчылар менен жолугушуусунда ал бийликтер анын агасынын ишмердиги тууралуу тымызын маалымат берип турууну жана журналисттик ишин токтотууну каалашканын билдирди. Оппозициячыл «Голос республики» менен катар декабрда Казакстанда дагы ондогон басылмага казак бийликтери «экстремисттик» деп эсептеген мазмундагы материалдарды басканы үчүн тыюу салынган эле. Өткөн айда Алматы соту аталган гезиттин баш редактору Татьяна Трубачеваны тыюуну бузгандыгы үчүн 220 доллар айып пулга жыккан.

XS
SM
MD
LG