Беларуста президент Александр Лукашенко экономикалык начар жыйынтык үчүн өкмөттү таркатыш керек деди. Бүгүнкү кабинеттин жыйынында Лукашенко 2012-жылдагы экономикалык кырдаал кайталанса, өкмөт дароо отставкага кетээрин эскертти. Маалымат каражаттарынын жазышынча, былтыр экономика бир жарым пайызга өстү, ал эми Лукашенко бул көрсөткүч беш пайыз болот деп жаткан.