Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Бүгүн Бишкекте ишембилик өтүп жатат


Бүгүн Бишкекте ишембиликтер өтүп жатат. Борбор калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке шаардагы бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышып, алар аймак-аймакка бөлүп, шаардын көчөлөрүн тазалап жатышат.

Ошол эле учурда бүгүн шаардагы активисттер өз алдынча ишембилик өткөрүшүүдө. Анын уюштуруучуларынын бири Айбек Баратовдун айтымында, ишембиликти мэр Иса Өмүркуловдун ишине ичи чыкпаган шаар тургундары уюштурууда. Алар ишембиликтин жүрүшүндө Өмүркүловдун кызматтан кетишин талап кылган атайын петиция үчүн кол чогултушмакчы. Андан соң чогулган таштандыны Бишкек шаардык мэриясынын алдында алып барып, белгилүү убакыттан соң алып кетишмекчи. (BkA)

XS
SM
MD
LG