Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Талоончулукка шектелгендерге сот өкүмү чыкты


Жума күнү Аламүдүн райондук соту апрел окуялары учурунда талап-тоноочулукка катышкан деп айыпталган Абдулла Юсуповго, Азамат Шергазиевге, Дастан Оморовго жана Абдували Акжоловго карата өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов 16 жылга, ал эми Абдували Акжолов 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын коомдук жактоочусу, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кабарлады.

Судья бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин ырастаган укук коргоочу сот чечим саясий буйрук деп баалап, кийинки баскычтагы сотко кайрылганы жатканын кошумчалады.

Соттолуучуларга 7-апрелдеги окуялар учурунда талап-тоноочулукка катышып, бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алган деген айып боюнча кылмыш иш козголуп, алар камакка алынган.

2012-жылдын август айында Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Абдулла Юсупов апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар болгонун айтып чыккан. Бул боюнча иш кошумча тергелип, Ички иштер министрлиги талап-тоноочулукка депутаттардын катышы жок деген тыянак чыгарган. Бирок бул ишти териштирүү боюнча түзүлгөн парламенттеги депутаттык комиссиянын тыянагы эки ача чыкты. 10 депутаттан турган комиссиянын 5 мүчөсү талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз түрдө тиешеси далилденгенин айтышса, калган 5 мүчөсү мындай тыянакка макул болгон эмес. Мындан улам Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага 3 ай ичинде кайрадан тергеп чыгууну тапшырган.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү комиссиянын бул тыянагы негизсиз болгонун, Юсуповдун айткандары жалган жалаа экенин ырастап келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG