Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Бишкекте жоголгон өзбекстандык качкындан дале дайын жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жубайы Барно Гайбердиева кабарлады. Анын айтымында, 2008-жылдан бери качкын макамы менен Бишкекте жашап жүргөн өзбекстандык Шухрат Мусин 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон белгисиз бойдон калууда. Күйөөсүнүн жоголгонуна байланыштуу Гайбердиева Бишкектин Свердлов райондук милициясына кайрылып, издөө жарыялаган. Бирок андан бери дайыны табылбай жатат.

29 жаштагы Шухрат Мусин Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Гайбердиеванын айтымында, 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан соң анын жолдошу мекенинде "Өзбекстандын ислам кыймылы" деп аталган тыюу салынган уюмдун мүчөсү деген айып менен куугунтукка кабылып, 2007-жылы Кыргызстанга качып келген. Андан соң кыргыз бийлигине жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарына кайрылып, качкын макамын алган. 2011-жылы Өзбекстан Мусинди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Кыргызстанга кайрылган, бирок Башкы прокуратура бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG