Уго Чавестин абалы оор болгону менен, маанайы жакшы жана азыр химиотерапиядан өтүп жатат. Бул тууралуу Венесуэланын вице-президенти
Николас Мадуро билдирди. Мамлекет башчы борбор шаар Каракастагы аскердик ооруканада дарыланууда.
Кечээ Чавестин жакшы болуп кетишин тилеп, таатка катышкандан кийин Мадуро президент акыркы күндөрүн жашап атат же атүгүл көз жумду деген кабарларды четке какты. Ал чет өлкөлөрдө жүргөн оппозиционерлерди, Испания менен Колумбиянын бир катар маалымат каражаттарын “Венесуэладагы стабилдүүлүккө каршы аракеттенип жатышат” деп айыптады.
Көптөн бери рак оорусунан дарыланып жүргөн Чавес эки айдай Кубанын ооруканасында жатып, өткөн айда мекенине кайткан. Президент 11-декабрдан бери калың элдин алдына чыга элек.