Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Москва грузин жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү караштырууда


Орус жана грузин расмий адамдары билдиргенине караганда, Москва грузин жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү караштырууда. Орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин жана Грузиянын Орусия менен байланыштар үчүн жооптуу өкүлү Зураб Абашидзе мындай билдирүүнү кечээ Прагадагы жолугушуудан кийин жасашты.

Карасиндин айтымында, жакында Грузиянын кээ бир жарандарынын Орусияга баруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. "Виза режимин жеңилдетүү жолдорун кароого аракеттенебиз", - деди орус министри.

Абашидзе бул сүйлөшүүлөрдө андай чараларды киргизүүнүн конкреттүү мөөнөтү белгиленбегенин айтты. Тбилиси менен Москванын дипломатиялык мамилелери 2008-жылы Орусия Грузиянын курамындагы сепаратисттик Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныгандан кийин курчуган.

Грузиянын былтыр октябрда шайланган жаңы парламенти Москва менен мамилелерди оңдоону тышкы саясатынын приоритеттеринин бири катары атаган.

XS
SM
MD
LG