Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Президент министрлерди кызматка бекитти


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өз жарлыгы менен Шамил Атахановду вице-премьер-министрликке жана Абдылда Суранчиевди Ички иштер министрлигине дайындады. Ошондой эле Алиясбек Алымкулов жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министри болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ушул аптада жогорудагы министрлерди Жогорку Кеңеш бул кызматка жактырган болчу.

Буга чейин өкмөт түзүмү өзгөргөн. Ага ылайык, күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызматы ачылган. Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция тармагы Эмгек жана жаштарды ишке орноштуруу министрлигине берилген. Туризм жана маданият министрлигине маалымат саясаты кошулган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG