Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Армения: шайлоодо утулган талапкерди колдогон митинг өттү


Арменияда президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Раффи Хаванисяндын колдоочулары аны 18 күнкү добуш берүүнүн жеңүүчүсү деп жарыялашты.

"Азаттыктын" кабарчысы Еревандан билдиргенине караганда, борбор шаардагы Эркиндик аянтына уруксат берилген митингге миңдеген киши чогулду. Мурдагы тышкы иштер министри жана "Мурас" партиясынын лидери Хаванисян президент Серж Саркисянды шайлоонун жыйынтыгын бурмалады деп айыптап, кызматтан кетүүгө үндөдү. Ал дүйшөмбү күнү Конституциялык сотко арызданып-арызданбоо чечимин жарыяламакчы. Расмий санактарга ылайык, Саркисян добуштардын 58, Хованисян 37дей процент алган.

XS
SM
MD
LG