Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Бишкектеги модерн балетке билет тартыш болду


Кечээ Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Талант Осмоновдун модерн балети коюлду. Эки актка бөлүнгөн балеттин негизги идеясы – эртеңкини күтпөй, учур менен жашоо.

Спектаклдин сюжетинде эртеңкисин ойлоп түйшөлгөн кыздын образы, шаардагы турмуш чагылдырылган. Балетти койгон Талант Осмонов мазумунунан тарта костюмдарга чейин өзү ойлоп тапкан. Анда жаш балерина жана балериндер бийлешти. Каражатка байланыштуу бир гана күнгө уюштурулган балетке билет тартыш болду.

Модерн балет - классикалык балеттен эркин бийлөө, бийдеги ар кандай кошумча кыймылдарды кошуу менен айырмаланат. (AKu)

XS
SM
MD
LG