Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:33

Кыргызстанда Туу күнү белгиленет


Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик символикалардын бири - Туунун күнү. Бул күн жекшембиге туура келгендиктен расмий иш чаралардын баары эртең өтөт. Бишкекте жаштардын маршы, жер-жерлерде көргөзмөлөр, программалар пландалган. Президент Алмазбек Атамбаев Туунун күнү менен кыргызстандыктарды кечээ куттуктаган.

Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору - Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Борбордук Ала-Тоо аянтындагы туунун узуну 15, туурасы 10 метр. Буга чейин Жогорку Кеңеште тууну өзгөртүү тууралуу сөз болуп келген. (AKu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG