Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Ала-Бука - Каныш-Кыя жолу убактылуу жабылды

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бул жол облустун Чаткал районун башка жерлер менен байланыштырат.

Учурда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна да чектөө киргизилген. Унаалар күндүзү гана өтө алат. Жолго кар көчкүсү түшкөндөн улам күндүзү да бир тараптуу гана иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-мартка чейин тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет. (AKu)
XS
SM
MD
LG