Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Кытайдын болочок президенти коррупцияга каршы күрөшкө үндөдү


Кытайдын жаңы президенти Си Цзинпин Коммунисттик партиянын жашап кетишин камсыздоо үчүн коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды. Кечээ жарыяланган комменатрийинде Цзинпин 8 жылдан кийин партиянын 100 жылдыгын татыктуу белгилөө үчүн анын мүчөлөрү жемкордукка каршы аракет көрүүгө тийиш деди. Партиянын жаңы лидери былтыр ноябрдагы курултайда дайындалган. Ал 5-мартта башталып жаткан Элдик конргессте өлкө президенти катары Ху Цзинтаонун ордун басмакчы. Кытайдын коммунисттик партиясы 2021-жылы 100 жылга толот. Карапайым кытайлар арасында паракорлукка, социалдык теңсиздикке каршы нааразылык акырык кездери күчөөдө.

XS
SM
MD
LG