Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Зардари: Пакистан Иран менен газ куурун курат


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари өкмөттүн Иран менен биргелешип газ куурун салуу планын коргоп чыкты. Кечээ Лахордо сүйлөгөн кезинде президент ал куурду куруу, кытайлыктарга Гавадар портун иштетүүгө берүү макулдашуусу өңдүү эле улуттук кызкчылыкка жооп берет деп билдирди. Ушул аптада Зардари Тегеранга барганда көптөн бери күтүлүп жаткан келишимге жетишилген. Ядролук программасынан улам Иранды экономикалык изоляцияда калтырууну көздөгөн АКШ ал долбоорго каршы болууда. Тегеран болсо атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген дооматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG