Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Бишкек: "республикачы" депутаттар мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүдө


Бишкек шаардык кеңештин "Республика" партиясынан шайланган фракциясы шаар мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулоо үчүн кезексиз сессия чакыруу керек деп эсептейт. Бүгүн мындай сунуш шаар кеңештин төрагасы Марат Аманкуловго жөнөтүлгөнүн "Азаттыкка" "Республикадан" кабарлашты.

"Республикачылардын" пикиринде, учурда шаардын күнүмдүк жашоосун камсыз кылуу өтө оор абалда, мэрия депутаттардын айтканын укпай, быйылкы жылдын бюджетин кабыл алууну создуктуруп жатат.

Өмүркуловдун ишин сындаган акциялар соңку мезгилде көп өтө баштады. 2-мартта жаш активисттер Бишкектин көчөлөрүндөгү таштандыны кол менен чогултуп, мүшөктөргө салып тазалаган. Алардын айтымында, азыркы мэр өз ишин жакшы аткарбай жатат жана анын ордуна натыйжалуу иштеген киши келиш керек.

Ал эми Иса Өмүркулов жаштардын бул кылганын шаар тазалыгына эч тиешеси жок саясый акция деп атап, аны кетирүүнүн амалы экенин "Азаттыкка" айткан:

- Эгер олуттуу себептер болсо, мен айттырбай эле өзүм кетем. Бул акция - саясат. (RK)

XS
SM
MD
LG