Үчүнчү революцияны Кыргызстан көтөрө албайт. Мындай пикирин бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчы соңку мезгилде бийликти басып алууга үндөгөн маанайдагы материалдар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көп чыгып жатканын, бул туура эмес экенин айтты. Өлкө тагдыры менен ойнобош керек, эгер бийлик керек болсо шайлоого камданышсын деген пикирин кошумчалады.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында эки жолу - 2005 жана 2010-жылы бийлик алмашкан, президенттер качып кетүүгө мажбур болгон. Бирок эки окуяны тең чыныгы революция деп атаган бирдей пикир жок. (BkA/RK)