Алардын экөө полициядан. Египеттин ички иштер министрлигинин кабарлашынча, өткөн түнү шаарда полиция менен миңдеген демонстранттар мушташып, 420 чакты адам жарадар болду. Полиция таш, Молотов коктейли, темир-тезек менен куралданган адамдарды тынчытуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Тополоң былтыр февралдагы футболдук чатакка катышты деп айыпталып, сот өкүмүн күтүп жаткан адамдарды башка түрмөгө которуу жөнүндө чечим чыккандан кийин башталды. Порт-Саидде былтыр футбол учурундагы чатакташууда 74 киши өлгөн. Ага күнөөлүү деп 21 адамга өлүм жазасы берилгенден кийин 26-27-январь күндөрү Порт-Саидде жана башка шаарларда жаңжал чыгып, 30дан ашуун адам набыт болгон.