Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Атамбаев: Соттор боюнча кадр саясатын жакшыртуу зарыл


Соттор боюнча кадр саясатын жакшыртуу жана бул системадагы коррупцияны жоюу - азыркы күндүн негизги талабы. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Сот реформасы боюнча кеңештин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстанда бир гана диктатура - мыйзам диктатурасы орношу керектигин айтты.

Былтыр августта президент өлкөдө сот адилеттигин камсыз кылууну жакшыртуу чаралары жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, административдик, кылмыш жана процессуалдык мыйзам базасын мыктылоо каралган. Бул үчүн ар бир багыт боюнча жумушчу топтор түзүлгөн. Бүгүн ошол топтордун ишине расмий старт берилди. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG