Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Талас: Кен маселесин өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү эл талкуулады


Бүгүн Талас районунда кен иштетүү маселесине арналган жыйын өттү. Ага экономика министри, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариев, кен иштетүү жаатындагы адистер жана жергиликтүү тургундардан төрт жүздөй киши катышты.

Талас районуда Талды-Булак, Жерүй жана Андаш кендери жайгашкан. Министр Сариев Жерүйдү инвестор менен чогуу иштетүүнүн пайдасы тууралуу слайд, таблица аркылуу түшүндүрүп берди. Азыркы бийликтин саясый оппоненттери Кумтөр, Жерүй кендерин иштетүүгө каршы чыгып, муну саясый курал катары колдонууда деп билдирди.

Бирок, кабарчыбыздын айтымында, жыйынга катышкан жергиликтүүлөр министрдин айтканына ынанган жок. Облустагы кен байлыктарын инвесторго берүүгө каршы экенин, кен иштетүү экологияны бузуп, адамдардын ден соолугуна зыян тийгизээрин айтты. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG