Украин парламентинин мүчөсү Евгений Щербанды өлтүрүүнү мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенко буйруду деп үчүнчү күбө да көрсөтмө берди. Ал дүйшөмбү күнү Киевде болгон сотто 1996-жылы депутатты өлтүрүүнү мурдагы премьер-министр Павло Лазаренко уюштурган деди. Бирок ал иште Тимошенко менен Лазаренконун кандай байланышы болгону жөнүндө эч нерсе айтпады. Тимошенко премьер кезде кызмат абалын натуура пайдаланган деп, жети жылга кесилген жана азыр Харьков шаарында абакта отурат.
Түрмө жетекчилиги Тимошенко ден соолгуна шылтап, Киевдеги сотко баруудан жана видео аркылуу көрсөтмө берүүдөн баш тартканын билдирди. Павло Лазаренко АКШда арам акчаны адалдаштырган деп айыпталып, жети жылга соттолгон. Тимошенко жана Лазаренко экөө тең Евгений Щербанды өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жок экенин, алар саясый жүйөөдөн улам айыпталып жатканын айтышууда.