Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

“Ата-Журттун” лидерлерин коргоо комитети Ошто митинг уюштурат


Алаh партиянын лидерлери Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун камактан чыгарылуусун, ошондой эле Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарылуусун талап кылмакчы. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Жусуп Аттокуров кечээ маалымат жыйынында билдирди.

Бир нече аптадан бери Ош шаарында жана облус аймагында Кумтөр алтын кени тууралуу учурда камакта жаткан “атажуртчу” депутат Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын иликтөөсү тууралуу жазылган маалымат баракчалары, дисктер таркатылып келет.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, парламенттеги фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов 3-октябрдагы митингден кийин “Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынышкан. 3-октябрь күнкү митинг Ак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирүү аракети менен аяктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG