Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Айрым тоолуу унаа жолдор кар көчкүдөн кийин жабык турат


Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы айрым унаа жолдор кар көчкүнүн айынан жабык турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Чаткалдагы Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 7-12-чакырымында кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондуктан тазалоо иштери азыр убактылуу токтоп турат. Бул жерге кар көчкү 3-мартта түшкөн. Жол каттамы жабык.

Оштун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-76-чакырымдарында ушул түнү жалпы көлөмү 3900м³ жана 100-104-чакырымдарында жалпы көлөмү 4000м³ кар көчкү түштү. Бул жол азыр убактылуу жабык.

Тогуз-Торо районундагы Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 21-чакырымында 4-мартта болжол менен 500м³ кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Тазалоо иштеринен кийин толук ачылды.

Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы 255-чакырымында («Пельменная» участогу) 4-мартта түшкөн 5760м³ кар көчкү да тазаланып, азыр жол ачык турат.

Чаткал районундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 86-100-чакырымдарында 3-мартта түшкөн жалпы көлөмү 4300м³ кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. (RK)

XS
SM
MD
LG