Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Бишкек: Мэр боюнча кезексиз сессия тууралуу кийинки аптада белгилүү болот


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөөнү кароо үчүн кезексиз сессия чакыруу тууралуу чечим кийинки аптада чыгат. Шаар кеңештин маалымат кызматынан "Азаттыкка" бүгүн кабарлашкандай, мыйзам боюнча, сунуш түшкөндөн кийин 5 күндүн ичинде сессия чакырылышы зарыл. Мэр боюнча кезексиз сессия өткөрүү сунушу менен "Республика" фракциясы кеңештин төрагасына кечээ, 4-мартта кайрылган.

"Республикачылардын" пикиринде, мэр ага жүктөлгөн милдетти аткарбай жатат.

Ал эми Иса Өмүркулов ага карата жасалган чабуул мэрлик ишине эч тиешеси жок саясый акция деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG