Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Жаңы диний уюмдар тууралуу окуу китеп чыкты


Кыргызстанда соңку жылдары пайда болгон диний уюмдар тууралуу окуу китеп чыкты. Анын авторлору - Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинин окутуучулары Н.Галкина жана В.Школьный.

Окуу-методикалык колдонмо түрүндө басылып чыккан бул китепте жаңы диний уюмдардын структурасы, иштөө ыкмалары жана коомдук аң-сезимге таасир этүүсү тууралуу жазылган. Диний экстремизмден сактануу боюнча да маалымат камтылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдилатиф Жумабаев бул китепти "керектүү жана учур талабына жооп берген басылма" деп атады.

Кыргызстанда, Конституция боюнча, дин мамлекеттен ажыратылган. Диний эркиндик бар. Тыюу салынган деп 8 диний уюм саналат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG