Москвада иштеген баткендик мигранттар "Мекен тагдырына кайдыгер эмесмин!" деген ураан астында марафон-жыйын өткөрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" акциянын уюштуруучулары кабарлады.
Жыйында Баткен аймагындагы жол, чек ара көйгөйлөрүндө жабыр тарткан айыл тургундарына акчалай жардам берүү чечими кабыл алынды.
Чогулган 105 миң рубл акчаны 10-мартка чейин Аксакалдар кеңеш аркылуу жеткирип бермей болушту.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чарбак айылында быйыл жыл башында коңшу өзбек айыл тургундары менен чатак чыгып, отуздай киши жабыркаган. Чек аралар жабылып, эл байланышсыз калган. (RK)