Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Транзит жүк ташуу борбордон 40 миң долларлык азык-түлүк жоголду


Бишкектин четинде жайгашкан "Манас" Транзиттик жүк ташуу борборунан жалпы баасы 40 миң долларлык азык-түлүк жоголгону чын. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган борбордун маалымат катчысы Алиман Темирбек билдирди.

- Бул маалымат чындык. Кандайча болгону азыр териштирилип жатат.

Алиман Темирбек азык-түлүктүн кайсы түрү качан, кайсы убакыт аралыгында уурдалганын тактаган жок.

Айрым интернет-булактарындагы маалымат боюнча, 40 миң долларлык азык былтыр декабрдан берки мезгил аралыгында борбордон жашыруун чыгарылып кеткен. Негизинен жоголгон азык-түлүктүн көпчүлүгүн чочко эти түзөт.

"Манас" транзиттик борбору НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышуучу учактарды тейлөө үчүн 2001-жылы ачылган. Аны АКШ өкмөтү каржылайт.(RK)

XS
SM
MD
LG