Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:09

Орусия Hermitage инвестициялык корунун негиздөөчүсүнө жаңы айып койгон жатат


Уильям Браудер.
Уильям Браудер.
Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда, Уильям Браудер мамлекет көзөмөлүндөгү “Газпром” компаниясынын баасы 3 миллиард доллардык акцияларын мыйзамсыз сатып алган деп айыпталууда.

АКШда төрөлгөн британиялык инвестор жана финансист абакта каза тапкан орусиялык адвокат Сергей Магнитскийдин иш берүүчүсү болгон жана юристтин абактагы өлүмү адилет тергелишин максат кылган өнөктүк жүргүзүп келе жатат.

Браудер “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде укук коргоо органдарынын жаңы айыптоосуна карабай Магнитскийдин өлүмү үчүн жоопкерлер жазаланышы көздөгөн өнөктүгүн уланта берерин белгиледи. Браудердин Hermitage кору үчүн иштеген адвокат Магнитский абакта 2009-жылы каза тапкан. Бул окуя АКШ менен Орусиянын мамилесин начарлатты. Жактоочулары адвокаттын өлүмүн ал орус бийликтеринин коррупциялык схемаларынын бетин ачканынан көрүшөт.

Орусиянын соту ушул дүйшөмбүдө кезинде Магнитскийдин үстүнөн салыктан качкан деген айып менен козголгон кылмыш айыпкердин тирүү эместигине карабай 11-мартта сотто карала баштарын жарыялаган.

Бул кылмыш иш боюнча Браудер да айыпталууда. Сот анын үстүнөн сырттан болот. (UE)

XS
SM
MD
LG