Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

АКШ: Перс булуңундагы өлкөлөр куралды Сириянын байистүү козголоңчуларына берүүдө


Бул тууралуу мамлекеттик катчы Жон Керри Катардын борбору Дохадан билдирди:

- Курал байистүү күчтөргө, түздөн-түз Сирия оппозициясына берилип жатканына азыр чоң кепилдик бар.

Жон Керри кечээ Катардын, ага чейин Сауд Аравиянын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул эки өлкө сириялык козголоңчуларды курал менен жабдууда деп эсептелип жүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы белгилегендей, анын Катар жана Саудия бийликтери менен сүйлөшүүлөрү сириялык козголоңчуларга куралдын кандай түрү берилип жатканы жана ал туура адамдарга, Сириянын байистүү оппозициясына жетишин кепилдөө маселелерин да камтыды.

АКШ өзү сириялык козголоңчуларга куралды ал исламчыл согушкерлердин колуна түшүп калышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам бербей турганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG