Бул тууралуу депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин бири Медер Үсөнов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мөөнөтсүз митингдин талабы ушул тапта камакта жаткан “Ата Журттун” депутаттарын толук актап, бошотуу. Акция облустук акимчиликтин алдына тигилүүчү боз үйлөрдө болот.
Кечээ “Ата Журттун” депутаттарынын эркиндикке чыгарылышын талап кылган 60 чакты аял кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына кирип алышкан. Алар түндү менен ошол жерде өткөрүштү жана депутаттар эркиндикке чыкмайын эч жакка кетпесин жарыялашты. Кечинде ал аялдар менен Жалал-Абад шаарынын мэри, Шаардык кеңешин төрагасы бир нече депутаттар менен келип, түшүндүрүү аракети оңунан чыккан жок.
“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди, фракция башчысы Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовду камактан чыгаруу талабы менен кечээ Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында митинг болгон. Бул депутаттар 3-октябрда борбордук аянттагы митингден кийин камакка алынышып, аларга “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган”, “Мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылган. Ал күнкү акция айрым митингчилердин Ак үйгө тосмосунан ашып кирүү аракети менен коштолгон болчу. (ZKo)