Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Өмүркулов: Мени кызматтан кетирүүгө негиз жок


Бул тууралуу борбор калаанын мэри “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал өзү иштеп жаткан учурда шаардагы таштанды маселеси, Ош базарынын айланасын ирээтке келтирүү сыяктуу маселелер чечилгенин баса белгиледи. Ал эми жолдордун абалы жылдан-жылга каралбай келатканынын натыйжасы дейт Иса Өмүркулов:

- Негиз болушу үчүн мен одоно мыйзам бузушум керек, мисалы, мурункуларга окшоп жер сатып, мыйзамсыз иштерди жасап, ичип-жеп алсам анда бир жөн. Негиздүү, моюнга койо турган айып болсо, мен деле бул орунду кармап, жармашып ала турган жерим жок.

Өмүркулов өзүнүн дарегине айтылган сындарды туура кабыл алаарын, кемчиликтер бар болгонун айтып кетти. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан өз ишине берилип жаткан баанын артында саясат жатат деп эсептейт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселеси менен кезексиз сессия чакырууну талап кылышып, 4-мартта шаар кеңештин төрагасына кайрылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG