Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Венесуэлада президент Уго Чавести эскеришүүдө


Өлкөдө жети күнгө аза күтүү жарыяланды. “Алгачкы сааттарда биз өзүбүздү жетимдей сезүүдөбүз. Себеби, биз анын жылмайуусун, жетекчилигин, сөзүн, авазын жоготуудабыз,” – деди вице-президент Николас Мадуро Чавестин өлгөнүн улуттук телеканалдан жарыялап жатып. Чавестин региондогу союздаштары анын өлүмүн “чоң жоготуу” деп аташты. Кубада да үч күндүк аза күтүү жарыяланды. АКШ президенти Барак Обама америкалыктар Венесуэла элин колдоорун жана Вашингтон “Венесуэла өкмөтү менен жигердүү кызматташууга кызыкдар” экендигин билдирди. Президент Владимир Путин Чавести “көй кашка жана күчтүү инсан” деп атап, ал Орусия-Венесуэла мамилесине албан салым кошконун белгиледи. Акыркы эки жылда рак менен ооруп жүргөн Уго Чавес шейшемби күнү 58 жашында түбөлүк сапар салган. Социалист Чавес 1998-жылкы президенттик шайлоодо жеңгенден бери бийликти колдон чыгарбай жүрдү. Маркумдун сөөгү жума күнү жерге берилет.

XS
SM
MD
LG