Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

ӨКМ: Бишкек - Ош унаа жолу убактылуу жабылды


Бишкек - Ош унаа жолуна кар көчкү түшүү коркунучу бар жерде топтолгон ири көлөмдөгү кар жерге түшүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек - Ош жолунун эң кооптуу делген 146-чакырымында бүгүн түштө 7 жолу артиллериялык атуу жүргүзүлдү. Жалпысынан түшкөн 700 миң куб метр кардын 24 миң кубу жолго түшкөн. Унаа жолу азыр убактылуу жабык турат. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG