Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Сириянын аба күчтөрү Ракка шаарын бомбалашты


Көтөрүлүшчүлөр өлкө түндүгүндөгү шаарды кечээ ээлеп, провинция губернаторун туткунга алган болчу. Сирия өкмөтүнүн өкүлү Ассошэйтед пресс агенттигине айтканына караганда, армия Раккадагы “террорчул топторго” каршы операция кезде душманды чоң жоготууларга учураткан. Козголоңчулар Эфрат дарыясынын боюндагы 500 миң калктуу Ракка шаарында калган өкмөттүк күчтөр менен согушту улантууда. Ирактын чек ара аскерлери Анбар провинциясына Сирия тараптан кирмек болгон куралчандардын тобун артка кайтарганы расмий маалымдалды.

XS
SM
MD
LG