Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Азербайжанда дагы бир аскер курман болду


Коргоо министрлигинин “Азаттыкка” билдиришинче, келишим менен кызмат кылган Элман Алиев тоолуу аймактагы аскерий маневр кезде өлгөн. Алиев акыркы бир жумада өлгөн үчүнчү контрактчы аскер. Эки аскердин бири өз жанын өзү кыйса, башкасы мина тепсеп алып, алган жараатынан жан берген. Январда азербайжан активисттери кызмат өтөп жүрүп, набыт болгон контракчы аскерлер жөнүндө коомчулукка кабарлап турууну талап кылган акция баштаган. Буга Жейхан Кубадов деген аскердин өлүмү түрткү болгон. Армия жетекчилиги контрактчы аскер жүрөгү кармап өлгөнүн билдирген. Бирок Кубадовдун туугандары жарыялаган сүрөттө маркумдун денесинде ур-тепкинин изин көрсөткөн көк ала белгилер көрүнүп турганы айтылат. Ошондон кийин аскердин өлүмү боюнча тергөө башталган.

XS
SM
MD
LG